Цистит оорусун дарылоо жолдору
добавлена 14 января в 12:51
Ашказан ооруулары: гастрит жана ашказан жарасы
Гастрит жана ашказан жарасы ашказан-ичеги оорууларынын эң кеңири таралган түрү. Статистикага таянсак, Жер шарындагы чоң адамдардын жарымынан көп бөлүгү бул ооруулар менен оорушат. Албетте, эгерде сиз кааласаңыз, өмүр бою гастрит, ашказан жарасы деген оорууларды билбей эле өтсөңүз да болот. Ал үчүн алар тууралуу кенен билишиңиз керек. Биз сизге жардамчы болуу максатында төмөнкү маалыматтарды сунуштайбыз.
Гастрит – ашказандын былжыр челинин сезгениш
добавлена 31 декабря 2020 в 07:29
Форевер Ливинг Кыргызстан
добавлена 30 декабря 2020 в 07:09
Эркин жашоо жана саякатка чыгуу,жана кайсыл шаарда болбонуз бизнес ар дайым жанынызда болушун кааласаныз анда сиздер учун Базар-Коргон базарында Алое Вера витаминдери боюнча офисибиз ар дайым ачык 0504-18-75-18
добавлена 18 декабря 2020 в 10:50
добавлена 1 декабря 2020 в 00:37
БАШТЫН КАН ТАМЫРЫ ИЧКЕРГЕНДЕ ЭС-ТУТУМ НАЧАРЛАП, КУЛАККА ҮН УГУЛАТ
Копчулук адамдар баш оорудан азап тартат. Катуу ооруганда башы айланып, көрүүсү убактылуу начарлап, колу-буту чымырайт, жансызданат. Ал тургай эстен танып калуусу да мүмкүн. Мындайда врачтар “мээдеги кан тамырлар ичкерип кеткен” деп айтышат.
Мээни кан менен уйку жана вертебралдык (омуртка) артериялар жабдыйт. Алардын ичкерип кетүүсүнөн баш мээге кан аз барып, мээ кычкылтек жана керектүү азык-заттар менен толук камсыздалбай калат
добавлена 30 октября 2020 в 19:40
ГЛИСТЫ, ПАРАЗИТЫ!!! (ИЧТЕГИ КУРТТАР)!!!
Организимде паразиттер кобойгондо кандай оорууга чалдыгат.
Окумуштуулардын изилдөөсүндө, мите курттар ракты да чакырышы толук мүмкүн. Бул кандайча болот? Качан мите курттун личинкалары адамдын ичегисинен лимфа түйүндөрүнө түшкөндө, шишиктер пайда болот.
Дагы бир кенен жайылган оору – ошол эле паразиттердин адамдардын мээсине чейин жетиши. Мээде паразиттер жаңы пайда болгондо невроз, чарчап-чаалыгуу, маанайдын чукул өзгөрүү белгилери байкалса, бир топ уб
добавлена 10 октября 2020 в 09:18
Бөйрөк оорууларынын алдын алуу.
Бөйрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрүн бөйрөктүн узакка созулган (3—10 жылга чейинки) ооруулары (гломерулонефрит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш жана кургак учук ооруулары, гидронефроз жана башка) дуушар кылат.
Өнөкөт ооруулар акырындык менен бөйрөктүн иштешин бузат. Эки бөйрөктүн тең ишинин начарлашы өнөкөт ооруудан кийин акырындык менен канда уу заттар көбөйүп уремияга алып келет. Бардык органдарда: нерв, угуу, көрүү системасында, өпкө-жүрөк, ичеги-карын, боордо
добавлена 9 сентября 2020 в 10:19
Оттогу ташты тушурсо болот только Форевер менен
ОТ ООРУСУ ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ???
Туура эмес тамактануунун негизинде адам баласы өзүнө “бир букет” ооруну камсыз кылат. Алардын бири – өт оорулары. Биздин өлкөдө бул дартка жылына эки миңден ашык жаран кабылса, алардын көбүн аялдар түзөрү белгилүү болду. Мына ушул өт оорулары тууралуу кенен маалымат алып, бул органыңызды сактап жүрүңүз.
Өт эмне кызмат аткарат?
Өт – боордун астында жайгашкан кичинекей мүшөкчө түрүндөгү орган. Боор иштеп чыккан өт суюктугу өттө чогулат. Өттүн негизги милдети –
добавлена 2 сентября 2020 в 10:16
добавлена 2 сентября 2020 в 10:15
Урматтуу мекендештер регистрация жасайбыз через фмс аркылуу 100% таза ,трудовой договору менен подверждениеси менен инн-1000р снилс-1000р мед книжка-3000р Регицтрац кыргыздарга годовой -6000р продление 1,2,4,жылга-6000р базасы менен. Регицтрац по патенту Узбек, Таджик ,Молдован,Украин 3айга 4000р
8968-815-98-67
8925-872-75-67
Источник
Бул макаланы окуп жатсаңыз “цистит деген эмне” атуу суроого жооп издеп келгендирсиз? бул суроого жооп берүүгө аракет кылалы. Цистит кандай оору? Цистит бул табарсык былжыр челинин сезгенүүсү. Цистит бул жазгы оору деген ишим бар. Мында өзүнүн чындыгы бар. Дал ушул жазында адамдар жеңил кийинишип, суук тийип, оорунун симптомдору пайда болот. Бирок негизинен цистит менен каалаган мезгилде ооруп калуу мүмкүн. Көп учурда аялдар оорушат. Аял затынын денесинин анатомиясы башкачараак болуп, ооруларга көбүрөөк кабылат. Аялдардын зара чыгаруу каналынын узундугу 4см болуп, жанында эле бактериялык резервуарлар жайгашкан – жатын жана жоон ичеги. Цистит эмнеден пайда болот? Циститтин козгогучу – бактериялар, тагыраак айтканда ичеги таякчалары (кишечные палочки), стафилококк жана башкалар. Шартка ылайык ичеги таякчаларына 90% цистит келет. Түздөн-түз табарсыктын былжыр чели микроорганизмдердин таасирине туруктуу келет, ошондуктан табарсыкка оору алып келүүчү бактериялардын кирип кетиши оорунун өрчүүсүнө жетишсиз. Оорунун башталышынын себеби жатындын микрофлорасынын бузулушу, ошондой эле кичине жамбаштын кан менен камсыз кылуусунун бузулушунда, анын ичинде табарсык стенкасы. Мунун себеби вирустук инфекциялар, организмдин резистенттигинин төмөндөшү, витаминдердин жетишсиздиги, чарчоо, даарыларды көп ичүү жана операциянын себептери да булушу мүмкүн.
Циститтин белгилери
Цистит оорусун башка оорулар менен алмаштырып алуу оор, анткени ал мүнөздүү симптомдорго ээ. Алардын ичинде – тез-тез зара ушатуу жана ушатуу учурунда ооруксунуу. Аны менен бирге заранын өңү бозомтук тартып калат. Зара кылгандан кийин дагы бир нече убакыт ооруй берет. Катарда температуранын субфебрилдик көтөрүлүүсү байкалат (узак убакытка дейре температура көтөрүңкү болуп), бул пиелонефритке дагы мүнөздүү. Сезгенүү зара чыгаруунун өйдөңкү жана ылдыйкы каналдарында болот. Табарсыктан өйдө жайгашкандын баарысы өйдөңкү каналдар. Температуранын болуусу, белдин ооруусу өйдөңкү каналдардын сезгенүүсү жөнүндө кабар берет. Башкача айтканда пиелонефрит. Пиелонефритти уретрит же цистит менен алмаштыруу болбойт, анткени бул зара чыгаруучу каналдын сезгенүүсү эмес. Макалабыздын темасы “цистит деген эмне” болгондуктан оорунун бегилерин баарыбыз билип алсак ашык болбос.
Цистти аныктоо (диагностика)
Диагностика анамнездин (бейтаптын оору тарыхы, жашоо шарты, ооруп айыккан оорулары ж.б.). Кээде зааранын макро жана микроскопиялык анализин колдонушат, ошондой эле УЗИ, инфекциянын козгогучуна куюуу колдонулат. Цистит болгондо лейкоцитоз пайда болот (лейкоциттердин санынын көбөйүшү). Зааранын анализинде микроорганизмдер байкалат.
Даарылоо
Ооруну даарылоо комплекстүү болушу зарыл. Даарылоо учурунда төшөк режими сакталып, жылытуучу компресстерди колдонуу сунушталат. Диетада специйлер, ачуу тамактар жок болушу керек. Сүт жана өсүмдүк азыктарын пайдалануу жакшы. Цистит дарылоо, дарылоонун фармакологиялык каражаттарын айтсак – биринчиден антибиотектер (амоксициллин, ципрофлоксацин, цефаклор, цефтибутен и т. д.). Типтүү эмес (атипичный) учурларда вильпрафен, эритромицин, кларитромицин дарылары колдонулат. Антибиотиктерди кабыл алуу убактысы – жок дегенде бир жума. Ошондой эле брусника жана толокнянка тундурмалары сунушталат. Профилактика максатында суукка урунбоо, жылуу кийинүү жана оорунун биринчи белгилери пайда болгондо дарылануу сунушталат. Мүмкүн болсо, менструация убагында томпондорду колдонуунан баш тартуу же тез-тез алмаштырып колдонуу жакшы.
Өзүңөздү-өзүңөр дарыланбагыла, ооруканага кайрылыңыз, өзүн-өзү дарылоо ден-соолукка эки эсе зыян! “Цистит деген эмне” – цистит бул оору, деги эле бардык оорулар дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрүүсү шарт. Жылуу кийиниңиз, ден-соолукта болуңуз. Ал эми цистит жонундогу макалабыз ушундай болду. Кыргызча дайындаган Калмырзаева Ш. Дагы эмне кылсам болот деп ойлонуп жатсаңыз, “Цистит жонундо” кошумча макалабыз менен да таанышып алсаңыз болот.
Аноним Ошондо бат эле жардам береби |
Источник
Бөйрөк оорусу, бул оорунун симптомдору алгачкы учурларда билинбейт
-Жыл өткөн сайын бөйрөк оорулуулардын саны көбөйүүдө. Мунун себебин адамдардын өз ден соолугуна кайдыгер мамиле жасагандыгынан улам десек болот. Негизинен ар бир адам жылына эки ирет медициналык кароодон өтүп турушу шарт. Тилекке каршы, акыркы кездерде андай болбой жатат. Ошол кароодон өткөндө оорунун алгачкы белгилери байкалса дароо дарыланып, бейтап какыс айыгып кетчү. Азыр адамдар качан гана оору өтүшүп кетип, төшөктө жатып калганда гана ооруканага келишүүдө. Бөйрөк оорусунун жаман жери, оорунун белгилери жаңы башталган учурда дароо билинбейт. Адамдар медкароодон жыл сайын өтүп турса, алгачкы белгилери пайда болор замат дарыланмак. Дарылоо оңой болуп, өтүшүп кетүүнүн алдын алмакпыз.
«Бөйрөк оорусу тукум кууйт»
-Бөйрөк оорусунун дагы бир жери тукум куучулук формага ээ. Ошондой эле тубаса бир бөйрөгү жок төрөлгөн адамдар кездешет. Мисалы, мен өзүмдүн практикамда көрдүм: бир аял бир бөйрөк менен 8 баланы эч кыйынчылыксыз төрөп, чоңойткон. Бир ирет ооруп бизге келгенде текшерүүгө алганыбызда анын бир бөйрөгү жок экени билинди. Өзүнө айтсак таң калды. Бул УЗИде гана билинет. Азыр акыркы үлгүдөгү УЗИлерде аял кош бойлуу кезинде эненин ичиндеги 21 жумалык түйүлдүктүн бөйрөгүн, жүрөгүн, баарын билсе болот. Булар бир аз кымбат болгондугуна байланыштуу баары эле бул изилдөөдөн өтө беришпейт.
Тубаса бөйрөк оорунун түрлөрү…
-Тубаса бир бөйрөк менен төрөлгөндөрдө эгер ошол жалгыз бөйрөккө суук тийип же оорубаса ал кадимки эки бөйрөктүн милдетин аткара берет. Ал тургай адамга бир бөйрөк сезилбейт деле. Көбүрөөк кездешкен дагы бир бөйрөктүн түрү бул бир бөйрөк экинчисине караганда эки эсе кичине болот. Муну илимде гипоплазия деп коет. Ал эми бир бөйрөгү жок төрөлгөндөрдү аплазия деп аташат. Мындан сырткары, кошумча бөйрөк деген дагы болот. Бир бөйрөктүн үстүндө кошумча дагы бир бөйрөгү болот. Негизинен тукум куучулук бөйрөк оорусу бир муунда кездешпесе кийинки бир муунда кездешиши мүмкүн. Андыктан ата-бабаларында бөйрөк оору болгон болсо бир муун алмашса да кездешиши мүмкүн. Альпорта синдрому деген бөйрөк оорунун түрүндө кулагы укпай калат. Укса да өтө начар угат. Бул аялдарда көбүрөөк кездешет. Мисалы, апасынан кызына, кызынан кызына өтөт. Эркек балдарда сейрек кездешет.
Бөйрөк оорусу жана анын түрлөрү
-Бөйрөк оорунун өнөкөт пиелонефрит деген түрү бар. Бул оору бир жылга чейин курч түрдө болуп, бир жылдан кийин өнөкөткө айланып калат. Аны өмүр бою мезгил-мезгили менен дарылап туруу зарыл. Оору козголсо дарыланат, башка учурда жүрө берет. Бул түрү жанды кашайтып катуу оорубайт. Негизи бөйрөк оорулары көп тынчыңды албайт, өтө катуу ооруганы бул бөйрөктө таш пайда болгону. Таш бар учурда приступ берип оорубаса башка учурда адам оорубай жүрө берет. Пиелонефрит түрү аялдарда көп кездешет. Аялдар жыныстык жактан ооруганда бөйрөккө таасир берет, ошондуктан бул түрү аялдарда көп кездешет.
Гломерулонефрит деген түрү менен көбүнчө эркектер жабыркайт. Бул оору 40 жашка чейинки эркектерде көп кездешет. Курч гломерулонефрит деп 3 айга чейин айтылат. 3 айдан кийин оорулуу жакшы болуп кетсе, бир жылдын ичинде оору кайталанбаса, заарада өзгөрүү жок болсо, биз аны каттоодон алып салабыз. Эгер үч айдан кийин оору кайталай берсе, өнөкөт ооруга айланат да аны өмүр бою дарылап турууга туура келет. Өнөкөткө айланып калган бөйрөк оорулуу адам түн ичинде сөзсүз заара кылат. Негизи ден соолугу чың адам түнү заара кылбашы керек. Эгер адам түн ичинде заара кылууга чыга турган болсо, бөйрөк оорусуна анализ тапшырып, алдын алып текшертип койсо ашыктык кылбайт.
«Бөйрөк алмаштырууга муктаждар көбөйдү»
-Азыркы учурда бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги (ХПН) көп кездешүүдө. Адам башка өнөкөт оору менен жабыркаганда, ал оору бара бара бөйрөккө да сөссүз таасир этет. Жабыркаган бөйрөктүн ичиндеги клеткалар (нефрондор) азайып, бөйрөк куурай баштайт. Жүрөк оорулары да бөйрөктүн иштешин оорлотуп бөйрөктү иштен чыгарат. Мына ушундай оорулардын негизинде бөйрөк алмаштырууга мажбур болгон адамдар көбөйүүдө.
«Диализ аппараты менен 8-10 жылга чейин жашаса болот»
-Көп бөйрөк оорулуу бейтаптар диализ аппараты менен канын тазалатып турушат. Адамдын организмине карап бир жумада канча жолу тазаланат, аны дарыгер чечет. Анткени, ар бир адамдын организми ар түрдүүчө. Диализ аппараты шлактардан арылтып турат. Башкача айтканда бөйрөк өз милдетин аткара албай калганда ушул аппарат жардамга келет. Бул бөйрөктү алмаштырууга чейинки убактылуу нерсе. Адамдын ден соолугу чың болуп, бир гана бөйрөгүнөн көйгөй болсо диализ менен 8-10 жылга чейин жашаса болот.
Нефрология бөлүмү тууралуу…
-Нефрология бөлүмү 1980-жылдары ачылган. 25 керебетке ылайыкташтырылган облустагы бирден бир бөлүм. Учурда 4 нефролог дарыгерибиз оорулууларга кызмат көрсөтүшөт. Бир эле биздин облустун эмес, Баткен облусунан келген оорулууларга да кызмат көрсөтөбүз. Анткени, аталган облуста нефрология бөлүмү жок. Жалал-Абад облусунда бир нефролог-дарыгер бар. Андыктан бүт түштүктү тейлейбиз десем да туура болот.
Булак
Источник
№916 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
Кыргызда “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дейт. Учурда илдеттин түрү көп. Бул жолу окурмандардан келген суроолорго Бишкектеги Урологиялык борбордун эндовидео-урология бөлүмүнүн башчысы Абдиталып Адиев жооп берет.«ЭҢКЕЙГЕНДЕ, ОТУРУП-ТУРГАНДА ЗААРАМ ЧЫГЫП КЕТЕТ»
– Жашым 40та. Дааратканага барып заара ушатып келгенден 5-20 мүнөт убакыт өткөндөн кийин заарам тамчылап кетет. Көбүнчө кыймылдаганда, эңкейгенде, түздөнүп отурганда тамчылайт. Простатитпи деп УЗИге текшерилсем таза чыкты. Бул эмне оору болушу мүмкүн?
Өмүрбек, 40 жашта, Ош облусу
– Негизи 40 жаштан баштап эркектерде урук чыктагыч бездин аденомасы (залалсыз шишик) жолуга баштайт. Сыягы, сизде да аталган оору бар окшойт. Урук чыктагыч без аркылуу заара чыгаруучу түтүкчө өтөт. Аденомада урук чыктагыч без чоңоёт да, заара чыгаруучу түтүкчө кысылат. Ошондуктан заара ушатканда заара толук чыкпай калып калат. Анан адам кыймылдаганда тамып кетет. Сиз УЗИни мыкты тартуучу адисти таап, кайра түшүңүз, жалпы жана эркин ПСА (простатспецифический антиген) анализин тапшырууңуз керек. Анализдин жыйынтыгына жараша сизге так диагноз коюлат.
«БАЛАМДЫН ЖЫНЫС МҮЧӨСҮ БАТ-БАТ СЕЗГЕНЕТ»
– Менин балам 2 жарым жашта. Жыныс мүчөсү бат-бат эле кызарып, шишип, учунан ак суюктук агып калат. Марганцовка менен жууп, Левомеколь сүйкөсөк 3-4 күндө жакшы болуп калат. Бул эмнеден жана кантип биротоло калтырсак болот?
Мээрим, 29 жашта, Бишкек шаары
– Мээрим, сиздин баяндооңуз боюнча айтсак, балаңыз баланопостит оорусуна чалдыгат. Баланопостит 3-5 жаштагы эркек балдар арасында эң көп жолукчу дарт. Аталган ооруда баланын жыныстык мүчөсү кызарат, шишийт, ириң чыгат, кычышат же ачышат. Бул балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша болот. Анткени аларда жыныстык мүчөнүн башы өзүн каптап турган териден улам толук ачылбайт. Ушундан улам жыныстык мүчөнүн баш жагында жайгашкан без тарабынан бөлүнүп чыкчу смегма заты теринин алдына топтолуп калат. Ал жерде бактериялар көбөйүп, жыныстык мүчөнү сезгентет. Мындайда ата-энелер сиз айткандай калийдин перманганаты (марганцовка) кошулган суу менен жууп, Левомеколь сыйпаса бир нече күндө дарт жоголот. Бирок канча бир мезгилден кийин кайра кайталанат. Андыктан баланопоститтен биротоло арылтуу үчүн баланы сүннөткө отургузуу керек. Ошондо жыныстык мүчөнүн башы ачылып, смегма топтолбой калат.
«ТАБАРСЫКТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЛЕЙКОПЛАКИЯ ООРУСУН КАНТИП АЙЫКТЫРАТ?»
– Мага жакында эле “табарсыктын моюнчасынын лейкоплакиясы” деген диагноз коюшту. Врачтар биопсия жасап, анан лейкоплакияны күйгүзүп жок кылууга болот дешти. Башка дарылап айыктыруу жолдору жокпу? Аталган оору эмнеден келип чыгат?
Зуура, 44 жашта, Жалал-Абад облусу
– Лейкоплакия – чанда кездешчү, өнөкөт цистит оорусуна окшош оору. Дартка жыныстык жактан жугуучу оорулар, мисалы, хламидия, учук вирусу, гонококк, булардан тышкары ичеги таякчалары, стрептококк жана башка оору козгогучтар жеткирет. Дарттын стадиясына жараша дарылоо ыкмасы жүргүзүлөт. Алардын ичине дары-дармек менен айыктыруу, лазер менен күйгүзүү, операция жасоо кирет. Дарылоочу врач анализдердин жыйынтыгына карап, ыкмалардын бирин тандайт.
«УРУК КАЛТАМДА КИСТА БАР»
– Урук калтамда киста бар экени 2 ай мурун билинди. Балдар менен мушташа кеткенде жука чурайга сокку алып калгам. Киста ары-бери жыла бергендей сезилет. Аны операция жасап алышабы?
Мирбек, 26 жашта, Нарын облусу
– Кистанын өлчөмү 1-2 сантиметрден чоң болуп, оорутса, анда операциялык жол менен алынып салынат. Көлөмү кичине болсо, оорутпаса алдыртуу сунушталбайт.
«УРУК КАЛТАМ ООРУЙТ»
– Урук калтам дайыма ооруйт. Оор жумуш жасаганда оорутуу күчөйт. Текшерилип УЗИге тартылсам урук бездери жайында экен. Урук чыктагыч безде фиброз табылды. Бул эмнеден келип чыгат жана кантип дарылап айыктырууга болот?
Эмил, 24 жашта, Бишкек шаары
– Фиброз – бул урук чыктагыч бездин өнөкөт сезгенүүдөн (простатит) улам анын тутумдаштыргыч ткандарынын калыңдашы.
Мындай болгондо урук чыктагыч бездин иштөөсү бузулат. Бөйрөктө да өзгөрүүлөр башталат. Оорутуу жыныстык мүчөгө, урук калтага, жамбашка, ал тургай түз ичегиге да берилет. Сиз урологго текшерилип, анализдерди тапшырып, УЗИ текшерүүдөн өтүүңүз керек. Анализдердин жыйынтыгына карап дарылоо ыкмасы тандалат.
«БИР БӨЙРӨГҮ ЖОКТОР КАН БАСЫМ ООРУСУ МЕНЕН ЭРТЕ ООРУЙБУ?»
– Апамдын бир бөйрөгү тубаса жок. Азыр жашы 59да. Кан басымы бат-бат көтөрүлөт, бул ооруга чалдыкканына көп жыл болду. Биздин угушубузча, бир бөйрөгү жоктор кан басым оорусуна эрте чалдыгышат экен. Ушул сөздүн чындыгы барбы? Бөйрөгүн ооруга чалдыктырбоо үчүн эмне чараларды көрсөк болот?
Айзуура, 32 жашта, Токмок шаары
– Тубаса бир бөйрөк менен төрөлгөндөр көп эле. Жалгыз бөйрөктүн кесепетинен кан басым көтөрүлөт деп айтууга болбойт. Башка себептерден улам да кан басым көтөрүлөт. Андыктан себебин тактоо үчүн бөйрөктү УЗИден, бөйрөктүн кан тамырларын ультра үндүк допплерографиядан (ультразвуковая допплерография сосудов почек) өткөрүү керек.
Жалгыз бөйрөктү оорулардан сактоо үчүн суукка чалдыкпай, ачуу тамак-ашты жебей, спирттик ичимдиктерден баш тартып, оор жумуштарды жасабай, сергек жашоо образын карманып, туура тамактануу зарыл. Бөйрөк ооруганда учурунда дарыгерге текшерилип, дарылануу керек.
«ЧОҢ ЭНЕМ 5 КҮНДӨН БЕРИ ЗААРА УШАТА АЛБАЙ КАЛДЫ»
– Чоң энем 78 жашта. 5 күндөн бери заара ушата албай калды. Денеси шишип кетти. Бөйрөгү иштебей калышы мүмкүнбү? Кайсы врачка көрсөтүү керек?
Шамил, 35 жашта, Бишкек шаары
– Эгер табарсык же жатын ылдый түшүп кеткен болсо, табарсыктан заара чыкпай калышы мүмкүн. Заара чыгаруучу түтүкчө кысылат да, заара чыкпай калат.
Эгер шишип кетип жатса, анда урологго көрсөтсө, ал катетер койдуруп берет. Катетер койгондо табарсыкта заара бар же жок экендиги айкын болот. Заара бар болсо катетерди алдырбай дарылоону баштоо керек. Жыйынтыгында жакшы болуп калат. Кокус жатын же табарсык ылдый түшүп кеткени аныкталса, операция ыкмасы сунушталат.
Окурман, сизде ар кайсы тармактагы адиске болгон суроолор барбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган же жооп таба албай жаткан суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Суроолорду densooluk@super.kg электрондук дарегине кат аркылуу жибериңиз.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
Источник